Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалымдагандай, Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик орган катары иш алып барат. Кызмат аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну камсыздайт.
"Кызмат коомчулук менен ачык байланыш түзүү, ишмердүүлүгү жөнүндө ыкчам жана так маалымат жеткирүү, ошондой эле жалган маалыматтардын жайылышына каршы туруу максатында расмий маалыматтык ресурстарынын ишин баштады",- деп айтылат билдирүүдө.