Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 9-10-октябрда болуп өткөн Тажикстанга болгон иш сапары аяктады.

- Сапардын биринчи күнүндө президент Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки жактуу күн тартибиндеги маселелерди, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.

- Андан соң лидерлер "Борбор Азия – Орусия" экинчи саммитине катышышты. Мамлекет башчысы Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия Кыргызстандын негизги өнөктөштөрү бойдон кала берерин жана бул формат ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн маанилүү курал болуп саналарын баса көрсөттү.

- Андан кийин Эмомали Рахмондун атынан жогорку даражалуу коноктордун урматына кабыл алуу уюштурулду. Ага чейин лидерлер Өкмөттүк резиденциянын аймагында кыска убакыт сейилдешти.

- Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү. Ал Шериктештик өлкөлөрүндөгү социалдык-экономикалык абалды туруктуу чыңдоого көңүл бурду. Бул негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн, инфраструктуранын өнүгүшүн жана аймактын инвестициялык жагымдуулугунун жогорулашын көрсөтүп турат.

- Тар курамдагы жыйындан кийин лидерлер жолугушууну кеңейтилген курамда улантышты, анын жыйынтыгында документтердин топтомуна кол коюлду.

Тажикстанга болгон иш сапарын аяктап, Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан