Пакистандын Кыргызстанда жаңы элчиси дайындалды

Бүгүн, 10-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Пакистандын жаңы элчиси Алтамаш Вазир Хандан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушууда Эркинов элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясына ийгилик каалады.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилешип, саясий диалогду улантуу жана соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү ниетин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан