Кечээ, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө белгисиз жарандардан турган топ мушташып, видеосу интернет желесине тарады.
Октябрь райондук милициясы ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган С.А., С.Э., 2007-жылы туулган Д.А. жана 2006-жылы туулган К.Р. аттуу жарандар кармалды.
Аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.