Биз социалдык тармакта

Израил Ливандагы түштүк тарабына сокку урду

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын түштүгүндө "Хезболла" кыймылынын инфраструктурасына сокку урганын билдирди. Бул тууралуу маалымат 11-октябрда ЦАХАЛдын басма сөз кызматынан жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, сокку инженердик техникалар жайгашкан аймакка жасалган.

"ЦАХАЛ Түштүк Ливандагы “Хезболла” инфраструктурасын жок кылды. Ал жерде террористтик объекттерди кайра калыбына келтирүүгө арналган инженердик техника болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин 1-октябрда Израилдин Ливанга жасаган соккусунан бир киши каза болуп, бешөө жаракат алган. Ошондой эле "Хезболланын" бир мүчөсү да өлгөнү кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан