Бүгүн, 11-октябрда Казакстандын Павлодар шаарында түнү менен жааган кар көчөлөрүн басып, кыш башталды.
Шаар тургундары социалдык тармактарга кар баскан көчөлөрдүн сүрөттөрүн жарыялап, такси баалары кымбаттап кеткенине нааразы болушууда.
Ошондой эле Астана–Павлодар унаа жолу убактылуу жабылганы кабарланды. "КазАвтоЖол" мекемеси жарандарга алыска сапарга чыгуудан карманууга, ылдамдыкты сактоого жана жол эрежелерин так аткарууга чакырууда.