
Бүгүн, 11-октябрда УКМК төрагасы
Камчыбек Ташиев Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине 30 автоунаа тапшырды.
Атайын кызматтын башчысы медицина кызматкерлеринин коомдогу ролуна токтолуп, эмгеги өзгөчө баалоого татыктуу экенин белгиледи. Ошондой эле унаалар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен алынганын кошумчалады.
"Мен мурдатан жакшылык кылып келген адамдар бар эле. Алар кайтаралы, бир нерсе берели, кандай кылалы деп келишкен экен. Мага баары жетиштүү дедим. Андан көрө ооруканада иштеген ага-эжекелерибизге жардам бергиле дегем. Сүйлөшүп отуруп, бекер унаа берели деп чечтик. Унаалар балдарыңыздарга, үй-бүлөңүздөргө кереги тийсин. Узун жолуңарды кыскартсын", - деди атайын кызматтын башчысы.
Ташиев мындан ары да колдоо боло тургандыгын айтып, унааны алгандан кийин тез эле кетип калбай, дарыгерлерди эл үчүн көптөгөн жылдар бою кызмат кылууга чакырды.