Бишкекте мас айдоочунун айынан 2 адам жабыркады

Бүгүн, 17-январда саат 01:00дөр чамасында 28 жаштагы Алмазбек Ниссан Примера унаасы менен 27 жаштагы Эсенбектин башкаруусундагы Фольксваген Венто унаасын сүзүп алган. Бул жол кырсыгы Чүй ОИИББинин маңдайында катталган.

Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын маалыматына караганда, 28 жаштагы айдоочу мас абалында болгон.

Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу жана 21 жаштагы жүргүнчү жабыркаган. Учурда топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kalbek87
2014-01-17 15:22:27
жазаны кучотуш керек ичкендер учун, административтик жаза кылбайле эркинен ажыратыш керек 1 2 жылга ошондо азят болчу кырсыктар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан