Кытай АКШны өзүнүн катачылык аракеттерин мүмкүн болушунча тез арада оңдоого чакырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын Коммерция министрлигине шилтеме берип жазышууда.
Бул билдирүү АКШнын Кытайга карата жаңы импорттук бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу коркутуусунан кийин жасалды.
АКШнын президенти Дональд Трамп 1-ноябрдан баштап Кытайдан келген товарларга карата 100 пайыз бажы төлөмүн киргизе турганын жарыялады. Бул жаңы бажы салыгы азыркы деңгээлден кыйла жогору болмокчу.
Трамп мындай чечимди Кытайдын соода тармагындагы агрессивдүү позициясы менен түшүндүрдү.