Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын түнкү көрүнүшү тартылган видеону мэрия соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Аталган парк 5-октябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды.
Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан парктын жалпы аянты 26 миң чарчы метрди түзөт. Паркты куруу иштери 2024-жылдын июль айында башталган.