Биз социалдык тармакта

Калифорнияда пляжга тик учак кулап түшүп, беш адам жаракат алды (видео)

Кечээ, 11-октябрда АКШнын Калифорния штатындагы Хантингтон-Бич шаарында пляждын жанындагы унаа токтотуучу жайга тик учак кулап түшүп, беш адам жаракат алды. Бул тууралуу Fox News жана Associated Press кабарлашты.

Окуя иш-чарага даярдык көрүү маалында болгон. Тик учак асманда башкаруусун жоготуп, пальмалардын ортосуна түшкөн. Кырсыктан кийин Сакраменто шоссеси убактылуу жабылды.

Тийиштүү кызматтар тик учактын ичиндеги эки адам аман-эсен куткарылып, көчөдө турган үч адам жаракат алып, жакынкы ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. АКШнын Жарандык авиация башкармалыгы (FAA) жана Улуттук транспорт коопсуздугу боюнча кеңеш (NTSB) окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.

Калифорнияда пляжга тик учак кулап түшүп, беш адам жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан