Британдык рок тобу Lostprophets'тун негиздөөчүлөрүнүн бири, 48 жаштагы Йен Уоткинсге Уэйкфилд абагында кол салуу болуп, ал каза тапты. Бул тууралуу чет элдик баслымалар жазышууда.
Уоткинс 29 жылга эркинен ажыратылган, ага сексуалдык оор кылмыштар, анын ичинде Lostprophets тобунун күйөрмандарына карата бир катар зордуктоолор, балдарды порнографияга тартуу айыптары коюлган.
2023-жылы ал ушул эле абакта кол салууга дуушар болгон, бирок ал учурда дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. Бир нече жыл мурун анын камак мөөнөтү дагы 10 айга узартылган, анткени анын мобилдик телефон колдонуп жүргөнү аныкталган. Ырчы телефонду узак убакыт жашырып жүргөн.