Пакистан менен Ооганстандын ортосунда курчуп жаткан жаңжалда ондогон адамдар каза болгонун эки тарап тең жарыялашты.
Кабулдагы башкаруучу исламчыл кыймыл болгон "Талибан" кыймылы 58 пакистандык жоокер өлгөнүн кабарлады. Бирок Исламабад бул сандарды тастыктай элек. Талибдердин маалыматы боюнча, коңшу мамлекеттин 20 чек ара бекети убактылуу басып алынган. Ооганстан муну жооп аракети деп атоодо. "Талибан" 9 ооган аскери да набыт болгонун кошумчалады.
Пакистандын маалымат каражаттары коопсуздук булактарына таянуу менен ооган тараптан да көп сандаган жоготуулар болгонун жазушууда.
Буга чейин Пакистан Ооганстандын 19 постун көзөмөлгө алганы айтылган.