Бүгүн, 13-октябрдан тарта Бишкектеги Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Уркуя Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү реабилитациялоо үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, оңдоо иштеринин алкагында асфальт төшөлүп, тротуарлар калыбына келтирилет.
"Урматтуу тургундар! Мэрия убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.