АКШнын Калифорния штатында өткөн Cars and Copters фестивалы учурунда тик учак кулап түшкөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя Калифорниянын Хантингтон-Бич шаарындагы пляжга жакын жерде болгон. Тик учак пляжда топтолгон адамдардын жанындагы унаа токтотуучу жайга кулап түшкөн. Беш адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Алдын ала иликтөөлөр кырсыкка куштар себеп болгонун билдирүүдө.