Биз социалдык тармакта

Даниянын премьер-министринин күйөөсү Зеленский тууралуу тасма тартат

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксендин күйөөсү, режиссёр Бо Тенгберг Украинанын президенти Владимир Зеленский тууралуу тасма тарта турганын Ekstra Bladet басылмасы жазды.

"Конфиликт" деп аталган даректүү тасма Украина лидеринин Орусия менен болгон аскердик жаңжал учурундагы окуяларын чагылдырат. Тасманын продюсери Тенгбергге таандык Seabird Production компаниясы болмокчу. Өткөн жылы компания тасманы тартуу үчүн Даниянын кино институтунан дээрлик 30 миң доллар алган.

Басылма кинорежиссёрго Украина президенти менен сүйлөшүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк берилгенин белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан