
Транспорт жан
а коммуникациялар министрлиги узак жолго чыга турган айдоочуларга кайрылып, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.
Ага ылайык, бүгүн, 13-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык.
Министрликке караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат. Ошол эле кезде министрлик тарабынан 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.
"Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну унутпаңыз", - дешти мекемеден.