23 жаштагы индиялык инженер-электрик жана миниатюрист Биджай Кумар Редди дүйнөдөгү эң кичинекей жыгач кашык жасады. Анын узундугу бар болгону 1,13 миллиметр.
Гиннесстин рекорддор китебинин сайтында жазылгандай, ал ийненин көзүнөн да кичинекей болгон. Биджай Кумар Редди кашыкты январь айында Индиянын Одиша штатында жасаган.
Редди муну менен токтоп калбастыгын, өзүнүн рекордун жаңыртуу үчүн андан да кичине кашык жасагысы келерин белгилеген.