Депутат, ырчы, полковник... №1  шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда.

БШКнын маалыматына таянсак, бүгүнкү күнгө карата №1 шайлоо округу боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 16га жетти. Алар:

  1. Набиева Асель Бурхановна 08.10.1983-жылы туулган, Жогорку Кеңештин кызматкери
  2. Салимбеков Кенжебек Салимбекович 07.11.1989-жылы туулган, "Ислам групп" ЖЧКсынын директору
  3. Токторов Бактыяр Абдинабиевич 25.03.1970-жылы туулган, убактылуу иштебейт
  4. Айдарова Айгуль Абдисаламовна 15.03.1989-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
  5. Жороев Исманали Эгембердиевич 08.12.1977-жылы туулган, "Илек строй групп" ЖЧКсы
  6. Каландаров Зарипбек Кабылбаевич 15.08.1972-жылы туулган, Ички иштер министрлигинин отставкадагы милициянын полковниги
  7. Талиева Камила Абдыразаковна 28.12.1967-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
  8. Темирбаева Миргул Омурзаковна 13.12.1979-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
  9. Дыйканов Максатбек Дыйканович 21.12.1961-жылы туулган, коомдук ишмер
  10. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич 16.05.1991-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты
  11. Жусупов Аширбай Бапович 04.06.1963-жылы туулган, Ветеринарлар союзунун президенти
  12. Дуулатова Сайрагул Садыковна 20.08.1976-жылы туулган, “Байчечекей” журналынын редакторунун орун басары
  13. Ахмедов Канатбек Абдурашидович 31.03.1983-жылы туулган, убактылуу иштебейт
  14. Исаев Кубатбек Жусупалиевич 11.02.1988-жылы туулган, жергиликтүү кеңештин депутаты
  15. Каразаков Жунусбек Абдирашитович 11.06.1981-жылы туулган, “Борбордук Азия Турлары” ЖЧКнын директору
  16. Пусурманов Закирбек Ташматович 08.04.1969-жылы туулган, «Дуваташ» ЖЧКсынын аткаруучу директору (тизме жаңыланып турат)

№1 шайлоо округунун борбору Исхак Раззаков шаары. Шайлоочулардын саны 136 миң 220. Бул шайлоо округуна Сүлүктү шаары, Лейлек району толугу менен, Баткен районунун Баткен шаары, Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл аймактары толугу менен киргизилген.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан