Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси америкалык кесиптеши Дональд Трампка өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон Нил орденин тапшырууну чечти. Бул тууралуу Египеттин лидеринин кеңсеси билдирди.
Анда орден Трампка конфликттерди жөнгө салууга кошкон салымы, анын ичинде Газа тилкесиндеги согушту токтотуудагы ролу үчүн берилери белгиленген.