Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда.
БШКнын жарыялаган маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө №6 шайлоо округу боюнча эки талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди. Алар:
№6 шайлоо округу
Борбору: Ош шаары. Ага Ош шаарындагы МТУ-1, 4, 5, 6 жана №5563, 5564 шайлоо участкалары кирди. Андан тышкары Ош-МТУ-Жапалак, Төлөйкөн, Кара-Суу районунун Папан айыл аймагы толугу менен кошулган. Шайлоочулардын саны 161 миң 323.
Айта кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.