Кытайлык аял бир убакта 20 эркек менен сүйлөшүп, алардан жаңы iPhone телефондорун алдырган. Андан кийин ал батирдин алгачкы төлөмүн төлөө үчүн телефондорду саткан.
Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, окуя өлкөнүн Шэньчжэнь шаарында болгон. Ал алган аппараттарды интернет аркылуу саткан. Натыйжада 17 миң доллар топтогон. Аял каражатты батирдин алгачкы төлөмүн төлөөгө жумшаган.
Ал аз айлыкка иштечү. Кесиптештери анын кылык-жоруктарын угуп, таң калышкан.
Кесиптештеринин айтымында, ал жаркылдаган жана эл менен бат тил табышкан аял. Бирок алдамчылыктын бети ачылгандан кийин компания анын иштен алынышы мүмкүндүгү тууралуу айтышкан.