АКШнын президенти Дональд Трамптын учагы Бен-Гурион аэропортуна конду.
Аэропортто АКШнын президентин жана анын делегациясын Израилдин президенти Ицхак Герцог жана анын жубайы Михал, премьер-министр Беньямин Нетаньяху жана анын жубайы Сара тосуп алышты.
Чет элдик басылмалар жазгандай, аба майдандан Трамп Иерусалимге барат. Ал Кнессеттин (парламент) пленардык сессиясында сөз сүйлөмөкчү. Сессияда Трамптан тышкары премьер-министр Нетаньяху, Кнессеттин спикери Амир Охан жана оппозиция лидери Яир Лапиддин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
Кнессеттеги сөзүнүн алдында Трамп Нетаньяху менен жолугушуу өткөрөт. Андан соң эки лидер менен премьер-министрдин жубайы Саранын барымтадагылардын үй-бүлөлөрү менен биргелешкен жолугушуусу болот.