Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого №11 шайлоо округу боюнча эки талапкер катышуу ниетин билдирди. Алар:
Салиев Курсант Акматович, 29.10.1991-жылы туулган, жеке ишкер

Кылычбаев Алтынбек Таирович, 11.07.1977-жылы туулган, Жогорку Кеңештин депутаты

№11 шайлоо округу Манас шаары. Шайлоочулардын саны 155 миң 23. Шайлоо округуна Манас, Көк-Жаңгак шаары, Сузак районунун Барпа жана Багыш айыл өкмөттөрү толук кирген.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.