Жети-Өгүз районунда "күйөөсүн өлтүргөн" деп шектелип Баатыр эне кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1958-жылы туулган аял "күйөөсүн өлтүргөн" деп шектелип кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-январынан 16-январга караган түнү райондук ооруканага 1951-жылы туулган тургундун сөөгүн алып келишкен. Маркумдун аялы аны “чөптүн үстүнөн кулап түштү” деген. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө окуя андай болбогону аныкталды. Милиция кызматкерлери үйдүн ичин кароого алышканда кандын издери бар үстөл табылган. Маркумдун аялын жакшылап суракка алышканда, ал күйөөсүн өлтүргөнүн мойнуна алган. 

Анын айтымында, 15-январь күнү күйөөсү экөө арак ичип отуруп, бир саамдан соң уруш чыгып кеткен. Мындан улам кылмышка шектүү маркумду бөлмөдөгү үстөл менен бир нече жолу башка чапкан. Айта кетсек, айыпталып жаткан жаран Баатыр эне болгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
baku24
2014-01-17 13:14:46
мына сага тообо кылдым.
0
kalbek87
2014-01-17 15:29:01
ана шумдук ээ заман эмне болуп баратат? аялымдан этият болушум керек окшойт мындан кийин. Абдылданын айткандары туура окшойт.
0
GULZAT82
2014-01-17 16:32:46
kalbek87, эмне сенин аялын да коркунучтуубу? же силер да экоон арак ичесинерби?...
+6
bairam09
2014-01-17 21:16:09
Ээ кудайым Озун сактай кор мындай энеден балдары кандай тарбия алат, баатыр эне дагы
+1
Mirlan5
2014-01-17 23:51:37
Эркек ичсе жарым уй куйот,аял ичсе бут уй куйот. Ыйман берсин баарыбызга.
+2
piter93
2014-01-18 02:23:35
чындыгында баатыр ене енеекен. арак ичкендин пайдасы. арак ичкен кыздарга уйлонбогуло аялынар арак ичсе айдап салгыла. силер даа супер инфодон чыгып журбогуло
0
nuriza_rus
2014-01-18 15:39:53
Эч кимге, эч качан сынтакпагыла, Кудай сактасын дегиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан