Ош облусунун Кара-Кулжа жана Алай райондорунун борборлорунда мамлекеттик кызматтарды бир жерден көрсөтүүгө багытталган заманбап коомдук-маданий борборлордун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Үч кабаттуу бул имараттарда жергиликтүү тургундар жана райондун коноктору үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Атайын долбоордун алкагында:
— кинотеатр,
— машыгуу залы,
— банк бөлүмдөрү,
— тейлөөчү уюмдар,
— конференц-зал жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар каралган.
Бул ири социалдык долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаевдин демилгеси аркылуу ишке ашырылып жатат. Максат — тоолуу райондордун инфраструктурасын жакшыртуу, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жаңы жумуш орундарын ачуу.
Курулуш иштери Стабилдештирүү фондунун эсебинен каржыланууда.