Биз социалдык тармакта

Экономика боюнча "Нобель" сыйлыгы АКШ, Канада жана Франциянын окумуштууларына ыйгарылды

2025-жылдагы "Нобель" сыйлыгынын экономика боюнча лауреаттары АКШ, Франция жана Канаданын окумуштуулары болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Жоэль Мокир, Филипп Агьон жана Питер Ховитт 2025-жылдагы экономика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаттары болуп жарыяланды. Алар бул сыйлыкка инновацияларга негизделген экономикалык өсүштү түшүндүргөндүгү үчүн ээ болушту.

Бул чечим тууралуу Швед королдук илимдер академиясы 13-октябрь, дүйшөмбү күнү Нобель комитетинин социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыялады.

Анда:

  • Технологиялык прогресс аркылуу туруктуу өсүштүн шарттарын аныктаганы үчүн сыйлыктын жарымы америкалык Жоэль Мокирге берилди;

  • Калган жарымы франциялык Филипп Агьон менен канадалык Питер Ховиттке чогуу ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан