Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 7-класстын окуучусу уксус ичип ууланып, ооруканага жеткирилгенден кийин каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга 7-октябрда саат 10:00 чамасында Балыкчы шаардык ооруканаcынан маалымат келип түшкөн. Анда А.А. аттуу, 2011-жылы туулган кыз уксус ичип ууланып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы маалымдалган.
Тилекке каршы, 8-октябрда кыздын каза болгондугу тууралуу кабар түшкөн. Азыркы учурда тиешелүү медициналык жана соттук-экспертизалар дайындалып, окуянын себептерин аныктоо иштери уланууда.