
Талас облусундагы Айтматов районунун Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп
Мусулманкул Төлөбаев дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Төлөбаев 1962-жылдын 1-апрелинде Айтматов районуна караштуу Маданият айылында туулган. 1984-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун маданий агартуу иши адистиги боюнча аяктаган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын I классынын кеңешчиси, аскердик наамы — ага лейтенант.
Эмгек жолу
1984–1992-жылдары — Райондук маданият бөлүмүндө жооптуу кызматкер;
1992–1997-жылдары — Райондук маданият үйүнүн директору;
1997–2004-жылдары — Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө социалдык коргоо кызматкери, жооптуу катчы;
2004–2007-жылдары — «Жайнак» дыйкан чарбасынын мүчөсү;
2007–2011-жылдары — Райондук маданият бөлүмүнүн башкы адиси;
2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Бакай-Ата районунун Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.