Ош шаарынын Маатов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа жолуна асфальт басылып, эки тарабына тротуар төшөлүп, ирригациялык лотоктор кошо курулду.
Көчөнүн ачылыш аземине мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана калаа жашоочулары катышты.
Оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.