Кыргызстандын жаңы муфтийи болуп Рахматулла ажы Эгембердиев шайланды. Ага бүгүнкү Мусулмандар курултайында Уламалар Кеңешинин 34 мүчөсүнүн 25и макул деп добуш берди. Андан соң курултай делегаттары бир добуштан анын талапкерлигин колдоп беришти. Рахматулла ажы Эгембердиев муфтий болуп шайланган соң сөз сүйлөп, курултай боюнча төмөнкүдөй билдирди. "Мага дагы бир жолу чоң жоопкерчиликти жүктөп, ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн Алла ыраазы болсун. Мен жалпы кыргыз элине ак кызмат кылууга сөз беремин".
Белгилей кетсек, муфтийлик кызматка 4 талапкер сунушталды. Алар Абдышүкүр ажы Нарматов, Саясат ажы Асанов, Садыбакас ажы Доолов жана Рахматулла ажы Эгембердиев.