Казакстанда Эл аралык Silk Way Star сынагы уланууда. Ага Кыргызстандын атынан ырчы TAMGA катышып жатат.
Бул ирет ырчы азер тилиндеги «Istedim» ырын тартуулап, калыстар тобунан мактоолорду угуп, жакшы упай топтой алды.
Сынакка 12 өлкөнүн популярдуу артисттери катышууда: Азербайжан, Армения, Грузия, Малайзия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түштүк Корея.
Тамга жалпысынан 100 балл топтоду, эң жогорку балл Монголия республикасында, ал 124 упай топтоду. Алдыда дагы сынактар уланат.
Учурда 12 катышуучудан 10 катышуучу калды. Бул сынактын финалы 22-ноябрда өтөт.
Ар бир чыгарылыш ишемби күндөрү саат 20:00дө Jibek Joly TV расмий YouTube каналында да көрсөтүлөт.