Медина Эрмекова Таиландда өтүп жаткан сулуулар сынагында талант боюнча экинчи орунду алды (видео)

Таиландда өтүп жаткан Miss Grand International 2025 эл аралык сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан 17 жаштагы Медина Эрмекова катышып жатат.

Ал 77 кыздын ичинен талант боюнча экинчи орунду алды, бул ага автоматтык түрдө алдыңкы 20 кыздын катарына кирүүгө жардам берди.

Учурда Медина алдынкы 10 кыздын катарына кирүү үчүн күч сынашууда. Сынактын финалы 18-октябрда өтөт.

Эске салсак, бул жолдомону Медина Эрмекова "Мисс Кыргызстан" сынагында жеңип алган.

Кыргызстандык Медина Таиландда Эл аралык сулуулук сынакта талант боюнча 2-чи орунду алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан