Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев кызматынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, чечим Абыкеевдин жеке каалоосу боюнча кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри кызматына 2025-жылдын 3-мартында дайындалган. Абыкеевдин дайындалышын президент Садыр Жапаров ошол эле күнү тиешелүү буйрукка кол коюу менен бекиткен.