Социалдык тармактарда Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жолдо болгон жол кырсыгынын видеосу тарады. Анда жаш бала жүк ташуучу унаанын астында калып калган.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдиргендей, 13-октябрь күнү саат 15:50 чамасында Аалы Токомбаев көчөсү менен 1986-жылы туулган С.Ж. аттуу айдоочу жүк ташуучу унааны айдап бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн алдынан жеңил унаа айдап бара жаткан 1963-жылы туулган Ю.Б. аттуу айдоочунун унаасы менен кагылышкан. Андан соң 2015-жылы туулган Х.Л.ны жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзүп кеткен. Натыйжада бала оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында калган.
Кырсык болгон жерден бала №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилган. Жабырлануучунун баш териси жана оң жамбаш тарабы жабыркаганы айтылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.