Биз социалдык тармакта

Эрдоган Нетаньяхунун айынан учакты Египетке кондурбай коё жаздаган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эгер Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Египетте өткөн тынчтык саммитине катышса, ал жакка болгон сапарын токтотууну пландаган. Бул тууралуу түркиялык Milliyet гезити жазды.

Эрдоган саммитке катышуу үчүн Шарм эль-Шейхке учуп бара жатканда Нетаньяху саммитке келиши мүмкүн деген маалымат алып, артка кайтууга аракет кылган. Тагыраагы, Эрдогандын учагы конор алдында кайра көтөрүлгөн. Мындан улам Израилдин премьер-министринин катышуусу жокко чыгарылган. Натыйжада Эрдогандын учагы кайра Шарм эль-Шейхке конгон.

Бул окуя боюнча азырынча расмий билдирүү боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан