Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан "Элит Грант" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан объект текшерилди. Текшерүү учурунда объектинин коопсуздук техникасы боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада, "Элит Грант" ЖЧКсына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.