Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калааны аралап өткөн темир жол шаар сыртына чыгарылбай турганын билдирди.
Мэр буга адистердин сунушу себеп болгонун айтты.
"Бүгүнкү күндө темир жолду шаар сыртына чыгаруу боюнча муктаждык жок. Бул нерсе бизге экономикалык жактан пайда деле алып келбейт экен. Биз негизи бул демилгенин үстүнөн иштегенбиз. Жумушчу топторду чакырып, изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз", - деди ал "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде.