Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан бүгүн, 14-октябрда билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Жекшенов аталган кызматка 2024-жылдын апрель айында дайындалган. Ал эми ушул жылдын июль айында коррупцияга шектелип кармалган.
Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык Салмурбек уулу Азат Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.