Биз социалдык тармакта

Венесуэлада катуу жааган жамгырдан улам алтын кени урап, 14 жумушчу каза болду

Венесуэладагы катуу жааган жамгыр Эль-Кальяо шаарындагы алтын кенинин урашына алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 14 жумушчу каза тапкан.

Куткаруучулар билдиргендей, кендин ичин суу каптап калгандыктан, алгач сууну сордуруп чыгуу иштерин жүргүзүшкөн. Андан соң урандылардын астында калып калган жумушчуларды куткаруу аракеттери башталган.

Мындан тышкары куткаруу иштери учурда аман калган жумушчулардын көрсөтмөлөрүнө таянып жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан