Биз социалдык тармакта

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы жаңы техникалар менен камсыздалды (фото)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы өрт өчүрүү жана куткаруу иштеринде колдонулуучу жаңы шаймандар менен толукталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1 даана ноутбук, 1 даана дрон, 6 даана рация, 5 даана дүрбү, өрт өчүрүүчү асынма баштык (ранец) жана башка керектүү жабдыктар тапшырылды.
Бул жабдыктар Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылып, кызматкерлердин күнүмдүк ишин жеңилдетүүгө жана ыкчам аракет көрүүгө чоң жардам берет.
Долбоор Манас районун өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынганы кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан