"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунда косметикалык каражаттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматы билдириди.
Маалымат ылайык, SETRA үлгүсүндөгү автобусту текшерүү учурунда товардык коштомо кагаздары жок ар кандай аталыштагы косметикалык каражаттар табылган. Алардын болжолдуу суммасы 5 миллион 739,6 миң сомду түзөт.
Салык кызматы факт боюнча материалдар тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин белгиледи.