
Бишкектин Ала-Тоо-1 жана Ала-Тоо-2 конуштарында 21-октябрда саат 9:00дөн 15:00гө чейин таза суу өчүрүлөт. Убактылуу өчүрүүлөр турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде болот.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, Ала-Тоо конушундагы суу алгычын жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.