Бүгүн, 14-октябрда саат 13:17де Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта болгон. Ал эми калктуу пункттарында: Кара-Мойнок, Таш-Дөбө, Дөң-Алыш айылдарында болжол менен 2,5 баллга жеткен.
Жер силкинүүдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталбаганы маалымдалды.