Аравандагы өрт чыккан базардын сатуучу: "Миллион сомдук товарым күйүп кетти" (фоторепортаж)

Бүгүн, 17-январда Араван районундагы мөмө-жемиш базарынан өрт чыты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрт саат 06:20да башталган. Кырсык катталган жайга өрт өчүрүүчүлөр 06:55те келишкен. Жабырлануучу Алымжанов Мурадылдын бир миллион сомдук товары күйүп кеткен. "Бул базарда таттууларды сатып иштечүмүн. Бир миллион сомдук товарым бар болчу. Эртең менен келсем, базардын абалы бул болуп калыптыр",- дейт ал.

Ал эми ӨКМнын Ош облусу боюнча жетекчиси Жаныбек Назирович буларга токтолду: "Бизге саат 06:50дө чакыруу түштү. Аравандын өзүнөн бир жана Оштон эки өрт өчүрүүчү машина келип, өрттү өчүрүштү. Өрт базардын баш жагынан башталгандыктан, сатуучулар товарлардын 50-60 пайызын алып чыгып кеткенге үлгүрүштү. Өрттүн тез арада күйүп кетишинин бирден-бир себеби, базар пластикалык жабдуулар менен курчалган экен. Ошон үчүн да өрттү өз убагында өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбоду".

Бул окуя боюнча Ош, Араван жана Кара-Суу боюнча экология жана техникалык коопсуздук башкы адиси Гуламидин Базарбаевге кайрылганыбызда, ал "Экология жана техникалык коопсуздук боюнча регионалдык башкы башкармалыгынан 2013-жылдын октябрь айында ушул мөмө-жемиш базарынын сатуучуларына электр жабдууларын туура пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн болчу. Тилекке каршы, өрткө жол берилип олтурат" деп билдирди.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Sarabanda
2014-01-17 14:49:41
Жалан озбектерго
+2
X-peria
2014-01-17 14:55:08
Баары Аллахтын буйруганындай болот!!! ошончо акчасы бар экен Зекет берип туруш керек болчу...!!!Биз акчабыз бар, байлыгыбыз бар деп мактанабыз, бирок ал байлыкты Аллах бергенин унутуп калабыз!!!Сабыр кылыныздар!!!
+7
future_kg
2014-01-17 15:10:29
06-50 до чакыруу тушсо, 06-55 келип калыптыр! Мынча тез жетишкенго! Биздин шаарда 1 кийин келген, келсе же суусу жок, суу толтуруп келсе, бут шлангалары тешик, басым жарым жолдо эле кетип калат!
-1
kalbek87
2014-01-17 15:16:10
биздин орт очуруу кызматкерлери куйуп буткондо келчуу эле го, булар 5 минутада келсе абдан жакшы онолуптур.
+2
omurbek9393
2014-01-18 07:30:16
kalbek87, Аравандагы орт очуруучулордун базасы ушул куйгон базардан коп болсо 1 км алыстыкта. Чакыруу болбосо деле корушот болчу. Бирок абал мурдагыдай эле орт чыгып жатат деп чакырсан орт очкондон кийин келишет.
0
kalbek87
2014-01-17 15:18:47
араванда 99% озбек туугандар иштешет базарда эми окмот конпес.я толоп берсе керек АША абдан колдойт го аларды
+3
alooke
2014-01-17 15:34:41
Азыр кандай билбейм, 2010-жылы бул базарда 2 эле кыргыз соодагер иштечү. Экөө тең аял болчу. Товар ташычу элек. Тааныш имарат, алтургай соода орундары да тааныш... Кырсык да..
+2
omurbek9393
2014-01-18 07:35:57
alooke, Бул куйгон базар момо-жемиш базары абал мурдагыдай бардык сатуучулар озбек, бирок кийим-кече базарында кыргыздар кобойуп калган.
0
Erhan
2014-01-17 17:06:09
Сабыр кылыныздар
+2
zamir.79
2014-01-17 19:56:26
Кудайды караса боло, болбосо жер жемиш саткан контейнерге ошончо суммага товар батпаса деле керек.Дагы жакшы кийим сатса миллион долларга болчу демек экен.Догурунуп эле бирдеке умут этип атат.
0
tynara81
2014-01-17 22:59:26
zamir.79, таттуу сатат элем дептир, конфет, печенье окшогон нерселер кымбат эле турат да.
+3
Mukan89
2014-01-18 14:16:41
Oa siler ele 5 minutada kel.Uialbai ele kalpty yshkyrta beret ekensiner da.esiner
-1
admin_superstan
2014-01-20 11:01:15
femida, башкалардын улутун кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан