Биз социалдык тармакта

Бишкекте кыргыз-казак балдарынын биргелешкен концерти өттү (фото)

Кечээ, 14-октябрда Бишкек шаарында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору менен Слезнев атындагы Алматы хореографиялык окуу жайынын биргелешкен концерти болуп өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, катышуучуларды ийгиликтүү концерт менен куттуктап, маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бийде, өнөрдө жана маданиятта чек жок. Бий аркылуу көрүүчүлөргө позитивдүү эмоция тартууланат”, - деди министр.
130 адамдан турган казакстандык делегацияны окуу жайдын директору Ая Калиева жетектеп келди.
Концертте Кыргызстандын “Шаттык” ансамбли жана Казакстандын окуу жайы классикалык, элдик жана заманбап бий номерлерин тартуулашты. Иш-чара кыргыз-казак маданий достугунун белгиси катары жогорку деңгээлде өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан