АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинадагы жаңжалды токтоткусу келбей жатканын айтты.
Ал бул тууралуу шейшембиде Аргентинанын президенти Хавьер Милей менен болгон жолугушууда билдирди.
"Менин Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилем абдан жакшы. Бирок ал жөн гана бул согушту токтоткусу келбейт", - деген ал.
Трамп Орусия кааласа кризисти тез арада токтото алат деп эсептейт. Ал ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү Вашингтонго келерин эске салган. Трамп Зеленский курал-жарак, анын ичинде Томагавк канаттуу ракеталарын сурай турганын айткан. Президент АКШда бул ракеталардын чоң арсеналы бар экенин кошумчалаган.