Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 15-октябрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кара-Суу шаарында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган имарат 2004-жылы жеке менчикке өтүп кеткен. Учурда мамлекеттин менчигине кайтарылып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мекемеден билдиришкендей, буга чейин Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери бирдиктүү имараттын жоктугунан ар башка имараттарда иштеп келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан