Кытайда Ван Бо аттуу мамлекеттик кызматкер пара алуу боюнча өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу HK01 басылмасы жазды.
Маалым болгондой, ал 2003-жылдын биринчи жарымынан 2024-жылдын май айына чейин кызмат абалынан пайдаланып, жалпысынан 449 миллион юань (болжол менен 58,5 миллион доллар) өлчөмүндө пара алган деп айыпталууда.
Сот анын өкүмүн эки жылга чейин аткарбоо чечимин чыгарды, себеби айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, тергөө менен кызматташкан.
Эске салсак, акыркы бир нече жыл ичинде Кытайда ири антикоррупциялык кампаниянын алкагында көптөгөн аткаминерлер кызматтарынан алынган жана абакка кесилген. Айрымдары өмүр бою эркинен ажыратылган.