Биз социалдык тармакта

Чүйдө мыйзамсыз курулуп жаткан эс алуу жайынын курулушу токтотулду

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында башкармалык тарабынан Кемин районунун Чолок айылында жер тилкесин өз алдынча мыйзамсыз пайдалангандар аныкталды. Башкача айтканда, айыл чарба багытындагы жерге уруксат кагазы жок эс алуучу жайдын курулуш иштери жүргүзүлгөндүгү маалым болду.
Текшерүү учурунда куруучу тарабынан долбоордук документтер, курулушка уруксат берүү жана макулдашуу кагаздары көрсөтүлгөн эмес.
Натыйжада, тиешелүү акт, протокол түзүлүп, мыйзам бузуучуга карата административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле 200 000 сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан